Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы айрым кызматкерлер үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленди.
Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, бул дем алыш күнү Бишкек шаарындагы мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү болот.
Белгиленгендей, дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Ошондой эле Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине да кызматкерлерине бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды.
Аталган токтом 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.