Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Быйыл Бишкектеги Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин узартылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул болжол менен 1 чакырым аралыкты түзөт.
"Унаа тыгындарын болтурбоо үчүн жумуштар каникул маалында, көчөлөрдө кыймыл суюлганда болжол менен эки жумадан кийин башталат", - деп маалымдашты муниципалитеттен.
Белгилей кетсек, учурда Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнө барып такалат жана андан ары жол жок.