Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы Миңжылкыев көчөсүн Тыналиев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин ачууну пландап жатат.
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, борбор калаанын Башкы планында 2016-жылы 16-ноябрда аталган жерде жол салуу иштери башталат деп белгиленген.
“Келишим боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университети буйрутмачы, ал эми “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы аткаруучу деп так көрсөтүлгөн. Миңжылкыев көчөсү жол катары көрсөтүлүп, ал тургай Бакаев көчөсүнө да кошулган жери бар. Биздин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жерине көз арткан жерибиз жок. Бул мурдатан бери каралган, Башкы планга киргизилген жолдор. Ал ачылса эле тыгын маселеси толугу менен чечилет деген ойдон да алыспыз. Болгону Бишкек шаарынын жалпы жол инфраструктурасын оңдоого болгон аракеттер”,-дейт калаа башчысы.
Ошондой эле Жунушалиев Жал кичи районунда 2022-жылы 17 миң киши жашаса, бүгүнкү күндө 38 миңден ашык адам жашап жатканын билдирди.
“Ушунча адам жашап жатса да, жол инфратүзүмү өзгөргөн эмес. Аны жаңыртуу зарыл. Булардын баары борбор калааны өзгөртүүгө карата комплекстүү иш-аракеттер”, - деди мэр.