Бишкектин жаңы конуштары үчүн 624 электробус сатып алынат – мэр

Коом Загрузка... 22 Май 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү.

"Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7 метрлик моделдер сунушталды. Учурда дал ушундай кыска электробустарды издеп жатабыз, анткени жаңы конуштарды жана шаарга кошулган жаңы аймактарды тейлөө үчүн 624 даана электробус сатып алууну пландап жатабыз", - деди калаа башчысы.

Анын айтымында, июнь айында жаңы партияны жеткирүү күтүлүүдө. Учурда бардык өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анда ар бир компания 200гө чейин электробус чыгарып, жеткирип берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

"Эгерде биз бул электробустарды алып келсек, анда жолдордогу тыгындарды кыйла жеңилдете алабыз. Жаңы конуштарда көчөлөр тар, андыктан чоң автобустар ал жерге батпай, бурулууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Баасына токтолсок, Yutong электробустары кымбатырак турат. Болжол менен 95–100 миң АКШ доллары. Ал эми Higer арзанырак, болжол менен 76 миң АКШ долларын түзөт", - деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Муниципалитеттин өндүрүүчүлөргө койгон башкы талабы техниканын кызмат мөөнөтү 10 жылдан кем эмес болушу шарт. Мэр шаардын каржылык мүмкүнчүлүгү транспортту ар бир 5-6 жыл сайын алмаштырууга азырынча жол бербей турганын белгиледи.

Шаар бийлиги бир жумадан бери Higer үлгүсүндөгү электробусту сыноодон өткөрүүдө, анын ичинде жайкы мезгилде кондиционерлердин иштеши да текшерилүүдө. Бул унаа бир жолку кубат алуу менен 300 чакырым аралыкты басып өтө алат, ал 24 отургуч жана 40ка жакын туруп кетүүчү орунга ылайыкталган.

Сыноолордун жыйынтыгы менен шаар бийлиги Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong бренддеринин ичинен эң мыкты моделди тандап алат.