Ишкерлер менен депутаттардын кызматташтыгы күчөтүлөт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Апрель 2026 13:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйынга төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Төрага аталган Кеңеш 2017-жылы бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу максатында түзүлгөнүн эске салды.

"Бирок соңку үч жыл аралыгында кеңештин иши үзгүлтүккө учурап, ал тургай жыйындары да өтпөй калган. Андыктан, кеңештин ишин кайрадан жандантып, ишкерлер менен депутаттардын кызматташтыгын күчтөндүрүү максатында чогулуп отурабыз. Бул жолугушуу жөн гана баарлашуу иретинде эмес, маанилүү маселелер талкууланып, олуттуу сунуш-пикирлер көтөрүлгөн аянтча катары кызмат кылат деген ишеничтемин", – деди. 

Ошону менен катар өлкө башчысы да ишкерлерди колдоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолду.

"Алсак, президент жакында эле ишкерлерди текшерүүлөргө убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул жарлык экономикалык активдүүлүктү стабилдештирүүгө арналып, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, инвестициялык климатты оңдоо жана мамлекеттик органдардын ишкердикке ашыкча кийлигишүүсүн азайтууга багытталган. Мораторийдин алкагында мамлекеттик көзөмөл органдары ишкерлерге консультация берүү менен алектенишет, бул мыйзамдарды сактоого, ошондой эле сунуштар жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө мүмкүндүк берери анык", – деди. 

Мындан тышкары, тармактагы айрым көйгөйлөргө токтолгон Марлен Маматалиев ишкерлерди коргоо, аларга карата административдик басымды жоюу жана каржылык колдоону күчөтүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.