Братислава шаарында кыргыз-словак ТИМдер аралык консультациялары өттү

Саясат Загрузка... 11 Июнь 2026 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Братислава шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Словакиянын Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марек Эштоктун ортосунда кыргыз-словак ТИМдер аралык консультациялары болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-словак мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү багыттарын, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Борбор Азия менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты.

Словакиянын Тышкы жана Европалык иштер министри Юрай Бланардын 2025-жылдын апрелиндеги Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кол коюлган эки тараптуу документтерди ишке ашырууга жана экономика, инвестиция, энергетика, транспорт жана билим берүү чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери өзүнчө каралды. Тараптар Кыргызстандын президентинин Словакияга жана Словакиянын жетекчилигинин Кыргызстанга иш сапарларын даярдоо иштерин улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүдөгү ролун жогору баалашты.

Тараптар эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ, ЕККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын форматтарын белгилешти.

Ушуга байланыштуу, словак тарап Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча мындан ары да тыгыз иштешүүгө даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, консулдук-укуктук кызматташуу, анын ичинде эмгек миграциясы, жарандарды социалдык коргоо жана эки өлкө ортосундагы келишимдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелери талкууланды.