Бразилияда кофе түшүмү рекорддук деңгээлге жетиши күтүлүүдө

Дүйнө Загрузка... 15 Апрель 2026 09:30
e10c862e-50da-4665-8a43-e6bca70c69ee.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң ири кофе өндүрүүчү болгон Бразилияда 2026-27-жылкы айыл чарба сезонунда кофе түшүмү рекорддук деңгээлге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Safras & Mercado консалтинг компаниясынын анализине таянып, Интерфакс билдирет.

Маалыматка ылайык, июль айынан башталган жаңы сезондо жалпы кофе өндүрүшү 75,65 миллион каптан (бир кап — 60 кг) ашат деп болжолдонууда. Буга чейинки 71 млн кап деп берилген баа климаттык шарттардын жакшырышынан улам жогорулады.

Түшүмдүүлүктүн жогорулашына жетиштүү жаан-чачын жана жумшак температура менен коштолгон жагымдуу климат негизги себеп болууда. Мындай аба ырайы кофе дарактарынын гүлдөшүнө жана мөмөлөрүнүн сапаттуу өсүшүнө өбөлгө түздү.

Анын натыйжасында, 2026-27-жылкы түшүм учурдагы сезонго салыштырмалуу 17%га көбөйөт деп болжолдонууда. Айрыкча, арабика сорту боюнча өндүрүш 29%га өсүп, 49,95 млн капка жетет. Ал эми робуста сорту бир аз кыскарып, 25,7 млн кап деңгээлинде болот деп күтүлүүдө.