Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 287ге жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, №1 шайлоо округунда эң көп талапкер болууда. Жалпысынан 18 адамдан арыз түшкөн. Андан кийин №3 округдан 14 талапкер, №19 округ - 15 киши, №14 округ – 14 адам, №27 округдан да 14 киши арыз берген.
"Бардык округдарда активдүү иштер жүрүүдө. Талапкердердин арасында депутат, журналист, мамлекеттик кызматкер, саясатчылар, жумушу жоктор, дарыгер, мугалимдер бар. Башка айтканда, бардык тармактын өкүлдөрү талапкерлигин көрсөтүүдө", - деди ал.
БШКнын маалыматы боюнча, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Ал эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.