Быйыл Ноокат районунда 19 соцобъект курулат

Аймак Загрузка... 15 Апрель 2026 15:27
photo_54025070.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Ноокат районунда 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу райондун акими Данияр Шейшеканов президент Садыр Жапаровго Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен тааныштырганда билдирди.

Анын айтымында, курула турган имараттардын катарына мектеп, бала бакча, спорт зал жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.

“Өткөн жылы райондо 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгон. Ошондой эле 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болду”, - деп белгиледи район жетекчиси.