Былтыр 119 өнөр жай ишканасы ишке кирип, 8,4 миң жумуш орду түзүлдү

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2025-жылы жалпы 119 өнөр жай ишканасы ишке кирип, 8 миң 451 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, мында өнөр жай тармагына 715,6 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салынган.

“Өлкөнүн өнөр жай тармагы акыркы 5 жылда чыныгы революциялык өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп, индустриялаштыруу урааны менен коштолду. Бул мезгил өндүрүштү модернизациялоо, жүздөгөн жаңы ишканаларды ачуу, технологиялык жаңылануу жана ички рынокту туруктуу камсыз кылуу жылдары болуп калды. Бул үчүн өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясат системалуу мүнөзгө ээ болду. Экспорттук жана ички өндүрүштү кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлор ишке аша баштады. Инвестициялык климат жакшырды, жаңы ишканалар курулду. Жүз өнөр жай ишканасы долбоорунун алкагында 2025-жылы жалпы 119 өнөр жай ишканасы ишке кирди. Мында 715,6 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салынып, жалпы 8 миң 451 жаңы жумуш орду түзүлдү”,- деди Касымалиев.

Эскерте кетсек, учурда "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өтүүдө.