“Өч-2” тасмасы көрсөтүүдөн алынды. Себеби

Коом Загрузка... 14 Апрель 2026 10:35
News_217281172230142751359313061394067797636.png

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. “Өч-2” тасмасы өлкөнүн аймагында көрсөтүүдөн алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кинематография департаменти тарабынан кабыл алынып, анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр басымдуулук кылганы аныкталган. Ошондой эле тасманын мазмуну коомчулукка, айрыкча жаштарга терс психологиялык жана моралдык терс таасирин тийгизет деп табылган.

Андан сырткары, буга байланыштуу “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору А.Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.