Чет өлкө лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Президент Загрузка... 31 Декабрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Чет өлкө лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Кытай төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

photo_5377791116570202744_w.jpg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, жаңы жылдык куттуктоосу жазылган даректүү кат жөнөттү.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

605548525_1434965221971441_9162617110446097296_n.jpg

“Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде турат – муну Бишкектеги жакында болгон конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөрүбүз толук ырастады.

Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз. Бул Россия менен Кыргызстандын достук мамиледеги элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Жаңы жылда чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү чын жүрөктөн каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

608607778_1434968005304496_1387116348815472727_n.jpg

“Өтүп бара жаткан жылда жалпы умтулуулар жана биргелешкен аракеттер менен биз достош мамлекеттерибиздин ортосундагы коңшулаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин динамикалуу өнүгүшүнө жетиштик.

Биздин бекем саясий эркибиздин, жемиштүү жана конструктивдүү байланыштарыбыздын аркасында маанилүү тарыхый макулдашууларга жетишип, көп пландуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрө алганыбызды өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү активдештирип, жетишилген макулдашуулардын толук аткарылышын камсыз кылуу менен, 2026-жылы биз алдыбызга койгон бийик максаттарга сөзсүз жетишебиз.

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

606203328_1434969878637642_5698594009469068851_n.jpg

“Кирип келе жаткан жаңы 2026-жыл менен куттуктоомду кабыл алыңыз!

Сизге кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм!”, - деп айтылат телеграммада.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин кирип келе жаткан жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

05. Рахмон.jpg

“Сизге жана сиздин жакындарыңызга бекем ден соолук, бакыт жана бакубат жашоо, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы туруктуу прогресс каалайм.

2025-жылы биздин өлкөлөрдүн достук жана көп пландуу кызматташтык мамилелери жогорку динамикасын сактап калганы жана биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн аларды ырааттуу өнүктүрүү боюнча жаңы биргелешкен кадамдар менен белгиленгени кубандырат.

Келе жаткан 2026-жылы да биздин өлкөлөрдүн жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн жаңы практикалык мазмун менен толуктайбыз деп ишенем.

Эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарынын нугунда ишенимдүү мамлекеттер аралык диалогду улантууга кубанычтамын”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

032. Сердар Бердымухамедов.jpg

“Сизди келе жаткан 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизге ден соолук, бакыт жана эл аралык аренада өнөктөштүктү жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн баштоолоруңузга ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл сиздин өлкөңүздүн элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

012. Алиев(Азербайджан).jpg

Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, эң жакшы каалоолор жазылган даректүү кат жөнөттү.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

07. Лукашенко (1).jpg

“2025-жыл беларусь-кыргыз мамилелерине олуттуу динамика берип, өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташтыктын жаңы келечегин ачкан жаркын окуяларга бай болду.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чын ыкластуу достук, ишенимдүү өнөктөштүк эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берет деп ишенем.

Сизге чын жүрөктөн чың ден соолук, ийгилик жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстанга тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

605212083_1434981811969782_4314514303647938106_n (1).jpg

“Армения менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жандандырууга жана өз ара пайдалуу алакаларды чыңдоого багытталган аракеттер Ереван менен Бишкектин ортосундагы мамилелердин 2026-жылы өнүгүшүнө, элибиздин өнүгүшүнө жана аймактык тилектештигине өбөлгө болот деген үмүттөмүн.

Учурдан пайдаланып, Сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук жана келе жаткан жылда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Шейх Мохаммед Бин Заид Аль-Нахаян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

605288940_1434989998635630_9060535504492812295_n.jpg

“Келе жаткан Жаңы 2026-жылыңыздар менен сизди чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду билдирем. Сизге чың ден соолук жана бакыт каалап, достук мамиледеги кыргыз элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм.

Терең урматтоомду жана ыраазычылыгымды кабыл алыңыз!”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

066_Масуд_ПезешкианПрезидент_Ирана.jpg

“Сизди Григорий календары боюнча жаңы 2026-жылдын келиши менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Келерки жылы тынчтыкта жанаша жашоо принцибине таянып, адилеттүүлүккө негизделген аракеттер менен биргелешип азыркы тынчы жок дүйнөдө туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууга шарт түзө алабыз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

061. Такаити Санаэ(ПМ Японии).jpg

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктап, эң жакшы жаңы жылдык каалоолору жазылган даректүү кат жөнөттү.

Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин кирип келе жаткан  Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

“2025-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бекем достук жана кызматташтык үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет.

2026-жылы биздин достугубуз андан да чыңдалып, кызматташтыгыбыз кеңейип, жемиштүү болот деп ишенем. Мындан тышкары, биздин өлкөлөрдүн дүйнөлүк аренада тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө карай биргелешкен ишин чыдамсыздык менен күтөм.

Сизге ийгилик жана бакыт, ал эми кыргыз элине туруктуу өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Польша Республикасынын президенти Кароль Навроцкий Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

IMG_3953.jpeg

“Польша элинин жана өзүмдүн атымдан сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына эң жакшы каалоолорду билдирем.

2026-жыл глобалдык чыр-чатактар чечилген, тынчтыктын мезгили болсун.

Менин терең урматтоомду жана жеке бакубатчылык тилеген каалоолорумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

photo_5380042916383886142_w.jpg

“Келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайм. Жаңы жылдагы бардык аракеттериңиз ийгиликтүү ишке ашсын!”, - деп айтылат телеграммада.

Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

063_Наташа_Пирц_МусарПрезидент_Словении.jpg

Словения Республикасынын президенти Наташа Пирц-Мусар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, даректүү кат жөнөттү.

Венгрия премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

IMG_2404.jpeg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктап, жаңы жылдык куттуктоо катын жолдоду.

Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелла Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

068_Серджо_МаттареллаПрезидент_Италии (1).jpg

“Жаңы жылдын кирип келиши менен Сизге эң жакшы жана жүрөктөн чыккан каалоолорумду жолдойм”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Молдованын президенти Майя Санду президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

067. Майя Санду(Президент Молдовы).jpg

Молдова Республикасынын президенти Майя Санду Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктап, тынчтыкка бөлөнгөн майрам каалап, жаңы жылга эң жакшы каалоолорун жолдоду.