Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр чеберлеринин чоң концерти өттү

Маданият Загрузка... 20 Июль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр чеберлеринин гала-концерти өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, гала-концертти министр Мирбек Мамбеталиев жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань ачты.

Концерттик программага Өзбекстандын "Oʻzbekiston navolari" чыгармачыл жамааты, Казакстандын "Отырар сазы" мамлекеттик академиялык фольклордук-этнографиялык оркестри, Беларустун эмгек сиңирген элдик "Чабарок" бий ансамбли, Тажикстандын "Мохирон" чыгармачыл жамааты, Индиянын "Сангит Натак Академи" чыгармачыл жамааты, Ирандан Хорасан бахшылары жана Чыгыш Хорасандын салттуу макам музыкасынын аткаруучулары катышты.

Ошондой эле Кытайдын чыгармачыл жамааттары элдик аспаптык чыгармаларды жана дуэт бийлерин тартуулашса, Россиядан Юрий Царенко жетектеген "Кострома" орус улуттук балети, Пакистандан Улуттук аткаруучулук искусство ансамбли өнөр көрсөттү.

Ал эми Кыргызстандын атынан "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Ак марал" бий ансамбли, "Иль Канто" квартети жана Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери, КР эл артисти Айзада Тумакованын жетекчилигиндеги балет труппасы катышты.

Гала-концерт ШКУга мүчө мамлекеттердин Маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп, өлкөлөрдүн маданий мурасын жана улуттук өнөрүн таанытты.