Бишкек, 18.07.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезондун кызуу маалына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, эс алуучулар менен транспорт каражаттарынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу инспекторлор жолдогу кыймылды жөнгө салып, унаа тыгындарын азайтуу боюнча иштерди алып барууда. Андан соң, жолдун айрым тилкелеринде өтүү бөлүгү убактылуу тарытылып, бардык транспорт каражаттары текшерүүгө алынууда.
Рейддин жүрүшүндө айдоочулардын документтери, унаалардын техникалык абалы жана Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышы көзөмөлдөнүп, мыйзам талаптарын одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Кызмат бардык жол кыймылынын катышуучуларын эрежелерди так сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.