Дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт – министрлик

Коом Загрузка... 24 Март 2026 10:15
1061739591_0_320_3071_2047_1920x0_80_0_0_463759968afd90fb8c6cada0c289c615.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулууда.

“Айлык маянадан тышкары, биздин жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү максатында мамлекет тарабынан саламаттык сактоо багытына өзгөчө басым жасалууда. Жер-жерлердеги кадр жетишсиздиги маселеси, биринчиден, каржы маселесине келип такалчу. Азыркы убакта болжол менен 100 пайызга чейин маяна көтөрүлүп жатат. Бул жер-жерлерге кадрларды сунуштап же шаардан жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда айлык маянадан тышкары бир нече кесиптин ээлерине мамлекет тарабынан акыркы 2 жылдан бери 20 миң сомдон кошумча төлөнөт. Андан тышкары, 3 айда бир төлөнүүчү дарыгердин депозити буга чейин 33 миң болуп келсе, азыркы учурда 66 миң сом”, — деди ал.