Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо системасында эң керектүү адистер бул – педиатр, неонатолог, реаниматолог, анестезиолог жана жалпы практикалык хирургдар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, булар эң жетишсиз адистер болгондуктан, 2024-жылы президенттин жарлыгы менен айылда, алыскы райондордо иштеген ар бир ушул адистерге ай сайын 20 миң сомдон төлөнүп жатат.
“Буга Бишкек жана Ош шаарлары, облустун борборлору кирбейт. Бирок, учурда Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Манас шаарлары киргизүү боюнча иш алып барып жатабыз. Бишкек менен Ош шаарларынан тышкары калган бардык аймактарды киргизүү боюнча Финансы министрлиги менен иш жүрүүдө. Анткени, ошол шаарларда да дарыгерлер жетишсиз болуп жатат”,- деди Өскөнбаева.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленген бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуулар өтүп жаткандыгы кошумчаланды.