Дастанчы жана ырчы Алтынбек Каленов дүйнөдөн кайтты

Коом Загрузка... 20 Июль 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.14.17.jpeg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын дастанчысы, белгилүү ырчы Алтынбек Каленов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, дастанчы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алган.

Эмгек жолун 2008-жылы “Эл ырчысы Эстебес” чыгармачылык тобунда баштап, кийин өз алдынча чыгармачылык жолун ийгиликтүү уланткан. Кыргыз эстрадасында жана элдик ыр өнөрүндө өзүнүн кайталангыс үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен кеңири таанылып, көрүүчүлөрдүн терең урматына ээ болгон.

Акыркы жылдары “Манас” театрында дастанчы болуп эмгектенип, кыргыз элинин бай оозеки мурасын, эпикалык өнөрүн жайылтууга жана жаш муунга жеткирүүгө зор салым кошкону белгиленет.

"Кабар" агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.