Депутат баңгизаттан улам "антикинолордун" ишин токтотууну сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Март 2026 16:06
6-1-1024x600.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Эгенбердиева Бишкектеги "антикино" форматындагы жайларда баңгизаттарды жана синтетикалык заттарды колдонуу фактылары болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, студенттер мындай мекемелерге кино көрүү шылтоосу менен кирип, тыюу салынган заттарды колдонушат. Буга байланыштуу эл өкүлү Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн мындай жайларды жабуу мүмкүнчүлүгүн сурады.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев чындыгында эле ушундай фактылар катталганын ырастады.

"Мындай шарттарды түзгөндүгү үчүн мекеме ээлери да жоопкерчиликке тартылган. Мен мындай мекемелердин саны жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты жазуу жүзүндө бере алам", - деди ал.