Депутат Чолпон-Атага туристтик шаар статусун берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 12:12
article139.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков Чолпон-Ата шаарына туристтик шаар статусун берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бул Чолпон-Атаны өлкөдөгү туристтик шаардын үлгүсү кылууга мүмкүндүк берет.

"Негизги трасса даярдалды, жайында туристтердин чоң агымы күтүлүүдө. Быйыл бул жерде ШКУнун саммити, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Шаарды тийиштүү көрүнүшкө келтирүү зарыл", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, депутат Чолпон-Атада кытай компаниясы тарабынан айланма жолду куруу иштери башталганын билдирди.

"Параллелдүү түрдө долбоорлоо иштери жүрүп жатат, ага Бостери айылын да киргизүү керек, бул жайкы сезондо жол тыгындарынын алдын алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.