Ийне салынган таттуулар. Депутат саламаттык сактоо системасын сындады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 01 Апрель 2026 13:25
088d1347ee54e9fbfa3cf0908ce32f39_XL.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн эртең менен балдарга ичине ийне салынган таттуулар таратылганы тууралуу маалыматтар тарады. Бул окуя саламаттык сактоо системасындагы реформалардын начар жыйынтыгы экенин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал маалымдоо каражаттары бул кырдаалды чагылдырып жатканын түшүнөрүн, бирок мындай ишке барган адамдын психикалык саламаттыгы баарыбызга күмөн жаратарын айтып өттү.

"Мага ата-энелер капа болуп, окуяны көзөмөлгө алууну суранып чалып жатышат. Социалдык комитеттин алкагында акыркы 30 жылда психоневрологиялык, менталдык оорулары бар адамдарды дарылоодо жана жалпы саламаттык сактоо системасында кандай реформаларды жасап жатабыз? Кызматтарды улам кыскартып жатып, акырында мындай жарандарды көзөмөлдөй турган адистерибиз эмне менен алек? Акыркы 30 эле эмес, 5 жылда да ушундай реформалар жүрүп, жетекчилер улам алмашып келет. Негизи бул жаатта иштеген психотерапевттер, ооруканалар бар. Мындай жарандардын каттоосу кайда, ким карап, ким көзөмөлдөп жатат?" — деген суроолорду узатты.

Жыйынтыгында депутат бул маселени Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин алкагында карап, тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Белгилей кетсек, бүгүн милиция балдарга ийненин сыныктары катылган момпосуй таратууга шектелген жаран кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, 102 кызматына бир тургун кайрылып, анын кызы жана башка балдар белгисиз адамдан алган таттуулардын ичинен кооптуу нерселер чыкканын билдирген. Кылмышка шектүү кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда момпосуйлар жана башка далил буюмдар табылган.