Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кезектеги жыйынында Египет, Оман, Словения жана Бенилюкс мамлекеттери сыяктуу бир катар өлкөлөр менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун карап, жактырды.
Тактап айтканда, төмөнкү мыйзам долбоорлору үч окууда каралып, колдоо тапты:
- Бенилюкс мамлекеттери: 2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу;
- Словения: 2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Словения өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу;
- Оман Султандыгы: 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Оман Султандыгынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу;
- Египет: 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу.
Аталган мыйзам долбоорлорун тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тааныштырды.