Документтер сапаттуу жана өзүбүздө чыгарылууда: Депутаттар "Учкунга" барышты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 08 Апрель 2026 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кечээ Жогорку Кеңештин 17 депутаты "Учкун" ААКсына барып, жалпы жарандык паспортторду, ID-карталарды жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо процесси менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бактияр Калпаев билдирди.

Ал буга чейин бул документтердин бири Россияда, бири Казакстанда, айрымдары Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келгенин айтты.

"Кечээ документтердин өз өлкөбүздө чыгып жатканын көрүп сыймыктанып, мамлекетибизде жакшы иштер болуп жатканына күбө болуп келдик. Кыргызстанда ушундай иштер болуп жаткандыгы бизди сүйүндүрөт. Баарыбыздын максатыбыз Кыргызстаныбызды өнүктүрүү", — деп белгиледи депутат.