Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Жайлообай Нышановдун жана Райимберди Дүйшөнбиевдин ант берүү аземи болуп өттү.
Белгилей кетсек, Жайлообай Нышанов №15 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланып келсе, Райимберди Дүйшөнбиев №14 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган.
Жаңы депутаттар өз арызынын негизинде кеткен депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулаймановдун ордуна келишти.