Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет өлкөдөгү мекендештер ыктыярчы катары тартылат

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 30 Март 2026 17:10
WhatsApp_Image_2026_U6jImv6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында ыктыярчыларды, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө волонтердук программага катышууну каалаган чет жактагы мекендештерден 80ге жакын билдирме келип түштү.

"Учурда бардык билдирмелер карап чыгуу стадиясында турат",-деди министрдин орун басары.