Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Эми экспортко чыгарылуучу продукцияга ветеринардык сертификат берүү "Тулпар" системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сертификат алуу үчүн ишкер алгач "Тулпар" системасы аркылуу электрондук арыз берет. Андан соң ветеринардык адис арызды кабыл алып, продукцияны ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык кылдат текшерүүдөн өткөрөт.
Текшерүү учурунда продукциянын өндүрүлгөн күнү, сактоо мөөнөтү жана коштоочу документтери системага киргизилип, алардын тууралыгы ырасталат.
Кийинки этапта продукциядан лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн үлгү алынып, тиешелүү лабораторияга жөнөтүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы даяр болгондон кийин анын маалыматтары "Тулпар" автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилет.
Лабораториялык анализдин жыйынтыгы оң болуп, продукция бардык ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген учурда ветеринардык адис экспортко ветеринардык сертификатты "Тулпар" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тариздеп, ишкерге берет.
Белгиленгендей, "Тулпар" автоматташтырылган маалыматтык системасы ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө, сертификат берүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана экспорттук продукцияны тариздөө убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт.