Эл өкүлү баатыр энелердин балдарына окууда жеңилдик берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Март 2026 16:30
photo_2024-02-08_17-25-06.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда баатыр энелердин кошкон салымы өтө чоң. Мындай пикирин депутат Медер Чотонов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү азыркы тапта азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, жогорку окуу жайлардагы келишимдик (контракт) окутуунун баасы да өскөнүн белгиледи.

"Биз баатыр энелерге болгон сый-урматты арттырып, аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө 31 миңден ашык баатыр эненин пенсиясына болгону миң сом гана кошулат. Ал эми 75 жашка чейинки жарандар пенсия эмес, 3 миң сом гана жөлөк пул алышат. Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында, баатыр энелердин балдарына билим алууда жеңилдиктерди берүүнү сунуштайбыз", - деди ал.