Элчи: “Газпромго” Кыргызстандын 60%ын газдаштыруу тапшырмасы коюлган

Экономика Загрузка... 10 Апрель 2026 16:55
80610.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эң ири стратегиялык долбоорлордун бири өлкөнү газдаштыруу иштерин жүргүзүп жаткан “Газпром” компаниясы. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, компания ушул күнгө чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга жана инфраструктураны жаңылоого 400 млн долларга жакын каражат жумшады.

“Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштыруу көрсөткүчүн 60 пайызга жеткирүү тапшырмасы турат. Бул, биринчи кезекте, жылуу үйлөр, таза аба жана кыргызстандыктардын саламаттыгы дегенди билдирет”, — деди элчи.