Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары үчүн каржылоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жеңилдетилген шарттарда жаратылыш газын коштурууга мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирет.
"Элдик Банк" жана "А Банк" "Газпром Кыргызстан" менен биргеликте төмөнкүдөй шарттарда толугу менен газдаштырууга (жаратылыш газга кошулууга, газ отказандарын жана жабдууларды алууга) насыяларды берүүдө:
- Суммасы 150 000 сомго чейин;
- мөөнөтү 12 же 24 айга чейин;
- күрөөсүз;
- жылдык 3% үстөгү менен.
- Каржылоо жеке адамдарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жеткиликтүү.
Тариздөө үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
1) Кошулууга билдирме калтырыңыз:
- "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси аркылуу;
- компаниянын gazprom.kg сайты аркылуу;
- тейлөө кеңселеринде;
2) Долбоорду иштеп чыгуу жана сметасын төлөңүз.
3) Төмөнкү документтер менен "Элдик Банк" же "А Банк" банкттарына кайрылыңыз:
- объекттин ээсинин паспорту;
- объекттин техникалык паспорту;
- сметалык эсеп/ төлөмгө эсеп-кысап;
- газ жабдууларынын наркы тууралуу коштомо кагаз.
Кененирек маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:
- 9111 – "Элдик Банк",
- 5511 – "Айыл Банк",
- 4444 – "Газпром Кыргызстан".