Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында электробустардын аккумуляторлорун утилизациялоо боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, бардык аккумуляторлор колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин андан ары утилизациялоо үчүн өндүрүүчү өлкөгө кайтарылып берилет.
Мэр белгилегендей, маселен, 120 электробусту алып келүү келишиминин алкагында бардык батареяларды өндүрүүчүгө кайра кайтаруу каралган.
"Биздин келишимдерге ылайык, бир дагы батарея бул жерде калбайт", – деди мэр.