Эт кымбаттады. Бааны кимдер, кантип көтөрүп жатат?

Экономика Загрузка... 02 Декабрь 2025 17:55
mjaso_govjadiny_rebra_grudinka_perednjaja_i_zadnjaja_chast_ot_20_kg (1).jpg
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы айларда эттин баасы кескин жогорулады. Бул жагдай коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп келет. Бир ай мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баанын өсүшү жасалма жана объективдүү себептерге негизделбегенин билдирген. Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дагы бул жагдай боюнча билдирүү жасады.

Министрликтин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын башкы адиси Шаршен Чотонов белгилегендей, Кыргызстанда 9,2 млн гектар ачык жайыт бар. Малдын 6–8 ай жайытта багылышын, ал эми жылкылар жыл бою жайытта турушун эске алганда, эттин баасын жогорулатууга эч кандай объективдүү негиз жок.

Анын айтымында, баанын өсүшү чыныгы экономикалык факторлор менен түшүндүрүлбөйт. Өлкөдө мал жетиштүү, жемге болгон чыгымдар же жайыттар боюнча чектөөлөр жок. Ошондуктан, эттин туруктуу баасын камсыз кылууга бардык шарттар бар.

Баанын өсүшүнүн негизги себеби — ортомчулар тарабынан жасалган иш. Чотонов түшүндүргөндөй, ички рынокто баанын көрсөткүчү катары чет өлкөгө сатылган тирүү малдын экспорттук баасы колдонулат.

Ортомчулар эттин киллограммын 400–500 сомдон сатып алып, базарда 700–900 сомдон сатышат, ал эми өкмөттүн токтому боюнча баа 700 сомдон ашпашы керек.

«Жеке сатуучулар көзөмөлдүн жоктугунан пайдаланып, бааны нормадан жогору көтөрүп жатышат. Чыныгы үстөк баа 50–100 сомду гана түзүшү керек», - деди адис.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев белгилегендей, өткөндө өкмөт бааны негизсиз көтөрүүгө тыюу салган токтом кабыл алган, бирок жер-жерлерде аны аткаруу натыйжалуу жүрбөй жатат.

Ташиевдин айтымында, бааны көзөмөлдөөнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары — акимдер, мэрлер жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү камсыз кылышы керек. Алар токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды убагында токтотушу зарыл.

Бирок Ташиев белгилегендей, жергиликтүү бийлик буга жетиштүү көңүл бурбай жатат. Ал чиновниктерди бир ай мурун базарларга чыгып, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашып, бааларды жеке текшерип, баа түзүү механизмин көзөмөлдөөгө чакырган эле. Мындай жол менен гана адилеттүү рынокту камсыз кылып, жасалма баанын өсүшүн токтотууга болот деп айткан.

Кыргызстандын 65–70% калкы айыл жеринде жашайт жана мал чарбасы менен алектенет, ошондуктан өлкө өзүн эт менен толук камсыздайт. Демек, азыктын жетишсиздиги же бааны жогорулатууга объективдүү негиз жок.

Адистердин айтымында, эттин баасы жасалма түрдө көтөрүлүп жатат жана бул негизинен ортомчулардын бааны көтөрүп жатканы менен жергиликтүү бийликтин жетишсиз көзөмөлүнө байланыштуу. Тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү жана рынокту көзөмөлдөө бааны стабилдештирүүгө жана калкка адилеттүү шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Азырынча эл Камчыбек Ташиев эттин баасын негизсиз көтөргөндөрдү да жана буга чара көрбөгөндөрдү да өз көзөмөлүнө алат деп үмүттөнүп турат.