Депутат ФАПтарда ийне саюуга уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 04 Март 2026 13:28
vnutrivennaya-inekc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Айылдардагы жергиликтүү амбулаторияларда жана фельдшердик-акушердик пункттарда (ФАП) ийне саюу процедуралары жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлери анафилактикалык шок же аллергиялык реакция сыяктуу кесепеттерден кооптонушат.

"Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги терс таасирлердин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу аталган жайларда ийне саюуга тыюу салган. Бирок, ошол эле учурда жеке пункттар иштеп жатат. Аларды ким текшерет? Аларда мындай процедураларды жүргүзүүгө шарттар барбы?" — деп суроо салды депутат.

Айтиев Саламаттык сактоо министрлигине бул маселени тыкыр кайра карап чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.