Бишкек, 13.07.26 /Кабар/. Францияда катуу ысыктан улам үч өзөктүк реактор убактылуу токтотулуп, сегизинин кубаттуулугу азайтылды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Мындай чечим дарыялардагы суунун температурасы нормадан жогорулап кеткендиктен кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр “Гольфеш”, “Бюже” жана “Шо” атомдук электр станцияларындагы реакторлорго тиешелүү болду. Ошондой эле “Сент-Альбан”, “Блай”, “Трикастен” жана башка станцияларда да реакторлордун кубаттуулугу азайтылган.
Франциянын экологиялык талаптарына ылайык, реакторлорду муздаткан суунун температурасы өтө жогорулаганда электр станцияларынын иши чектелет. Бул дарыялардын ысып кетишине жол бербөө жана жаратылышты коргоо максатында жасалат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында да Францияда катуу ысыктан улам эки өзөктүк реактордун иши убактылуу токтотулган.
23-июнда өлкөдө 1947-жылдан берки эң ысык күн катталып, сутка ичиндеги орточо абанын температурасы 30 градуска жеткен. Катуу ысык Европанын айрым аймактарында адамдардын өмүрүн алып, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, мектептердин жана туристтик жайлардын ишине да таасирин тийгизүүдө.