Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Түштүк Корея футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы жүрүшүн жеңиш менен баштады.
Корея улуттук курама командасы чемпионаттын тайпалык баскычынын биринчи турунда Чехия курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Оюндун 59-мүнөтүндө чехиялык коргоочу Ладислав Крейчи эсепти ачып, командасын алдыга чыгарган. Бирок корей футболчулары оюндун нугун өзгөртө алышты. Хван Ин Бом 67-мүнөттө эсепти теңесе, 80-мүнөттө О Хён Гю жеңиш голун киргизди.
Биринчи турдун жыйынтыгы менен "А" тайпасына Түштүк Корея жана Мексика курамасы лидерлик кылууда. Буга чейин Мексика Түштүк Африка курамасын жеңип алган.
Экинчи турда корейлер мексикалыктар менен кез келсе, Чехия курамасы ТАР менен ойнойт. Дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши 19-июлда өтөт.
Эскерте кетсек, футбол боюнча кезектеги дүйнө чемпионаты кечээ, 11-июнда расмий түрдө башталган. Бул жолку биринчилик тарыхта алгачкы жолу бир убакта үч өлкөдө — АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жатат.