Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиумда эксперттер органдарды алмаштыргандан кийинки эң негизги көйгөйлөрдүн бирин — бөйрөгүн алмаштырган бейтаптарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана артериялык гипертензиянын (кан басымынын жогорулашы) өрчүп кетишин талкуулашты.
Иорданиялык профессор, трансплантациядан кийинки жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча адис Мохаммад Гнаймат өз сөзүндө Европалык гипертензия коому (European Society of Hypertension), Европалык кардиология коому (European Society of Cardiology) жана Американын медициналык ассоциацияларынын жаңы сунуштамаларына токтолду.
Ага ылайык, кан басымынын 120/80 көрсөткүчүнөн төмөн болушу нормалдуу деп эсептелет. Ошондой эле биринчи жолу кан басымынын систоликалык көрсөткүчү 120дан 129га чейин болгон көрсөткүч үчүн "жогорулаган кан басымы" деген термин киргизилген.
Профессордун айтымында, жүрөк-кан тамыр оорулары органын алмаштырган бейтаптардын арасында өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда. Дүйнө жүзү боюнча өлүмгө алып келген учурлардын дээрлик 30%ы дал ушул ооруларга туура келет. Бул реалдуулукта, бөйрөк алмаштырган бейтаптардын жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу кадимки адамдарга караганда бир кыйла жогору.
Улуу Британия менен АКШнын изилдөөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнө таянсак, трансплантациядан 5 жыл өткөндөн кийин бейтаптардын 5-8 пайызында жүрөк-кан тамыр оорулары өрчүйт, ал эми 10 жылдан кийин бул көрсөткүч 15 пайызга чейин жетет.
Адис гипертензиянын өнүгүшүнө кант диабети, ашыкча салмак, тамеки чегүү жана липиддик алмашуунун бузулушу сыяктуу кадимки тобокелдик факторлор гана эмес, түздөн-түз трансплантацияга байланыштуу өзгөчө факторлор да себеп болорун баса белгиледи. Алардын катарында иммунодепрессанттарды (органды кабыл албай коюудан коргоочу дарылар) колдонуу, өнөкөт сезгенүү, алмашкан органдын функциясынын бузулушу, гормоналдык терапия жана D витамининин жетишсиздиги бар.
Мохаммад Гнаймат кошумчалагандай, бөйрөк же боор алмаштырган бейтаптардын 75 пайыздан ашыгы кийинчерек кан басымынын көтөрүлүшүнө кабылышат. Ошол эле учурда, көзөмөлгө алынбаган гипертензия алмашкан органдын иштешин түздөн-түз начарлатат жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун кескин жогорулатат.
Симпозиумдун катышуучуларына профессор 2024-жылы кадыр-барктуу "Kidney International" журналына жарыяланган ири эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгын сунуштады. Анда бөйрөгүн алмаштырган 62 миңден ашык бейтаптын абалы изилденген. Изилдөө көрсөткөндөй, биринчи жана экинчи даражадагы гипертензия көчүрүлгөн органдын иштебей калуу коркунучун олуттуу түрдө жогорулатат, ал эми оор даражадагы гипертензия бейтаптар арасында өлүмдүн көбөйүшүнө алып келет.