Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 10 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты.
ИИМден билдиришкендей, иилициянын кошумча күчтөрү тартылып, жол кыймылын жөнгө салуу жана кайгуул күзөтү күчөтүлдү. Кабыл алынган чаралардын аркасында иш-чара эч кандай кырсыксыз, тынч өттү.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары өздүк курамдын кызмат өтөөсүнө, коомдук тартипти сактоону уюштурууга жана жер-жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
”Ички иштер министрлиги массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жогорку деңгээлде улантууда”,-деп айтылат маалымата.