Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Чүй облусунун Он Бир-Жылга айыл аймагындагы орто мектепке 1 млн 196 миң 482 сом өлчөмүндө кенемте төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Эске салсак, 21-февралда ылдамдыгы секундасына 18 метрге жеткен катуу шамалдын кесепетинен Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектептин чатыры жабыркаган.
Окуядан кийин уюмдун Чүй облустук филиалынын адистери жерине барып, келтирилген зыянды каттоого алышкан. Тиешелүү документтер топтолгондон кийин, чыгарылган корутундунун негизинде уюм кенемтени толук төлөп берди.
Белгилей кетсек, 7-апрелга карата өлкө боюнча 786 камсыздандыруучу жалпы суммасы 102 млн 536 миң сомдон ашуун кенемте алды. Буга ОСАГО, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жана башка камсыздандыруу түрлөрү кирет.