Кара-Кулжанын байлыгы — мал чарбасы: Президент фермерлерди колдоо пландарын айтты

Президент Загрузка... 14 Апрель 2026 20:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө райондун эли үчүн мал чарбачылыгы кирешенин негизги булагы экенин эске салды.

“Сиздердин райондо жалпы малдын саны 226 миңден ашуун экен. Райондун фермерлери менен дыйкандары жеңилдетилген насыя берүү максатындагы “Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында 55 млн сом алышыптыр. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген насыядан пайдаланган дыйкандар менен фермерлердин саны артып, буга дагы кошумча акча каражаттарын бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды”, - деди президент.

Ал дыйканчылыкта сугат суу маселеси абдан маанилүү экенине токтолду.

“Быйыл Кара-Кулжа районундагы сугат суу менен камсыз кылуу жаатында “Кара-Гуз – Кеңеш”, “Ак-Тектир” каналдары боюнча ири долбоорлор ишке ашырылат. Ошону менен катар насос станцияларын куруу боюнча документ иштери бүтүп калды. Кара-Кулжанын 55 айылынын 31и таза суу менен камсыздалган экен. Ал эми 24 айылдын таза суу системасы жаңыртууну талап кылгандыктан, учурда 16 айылда долбоорлоо жана курулушка даярдоо иштери жүрүп жатат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Жол инфратүзүмү маселесине токтолгон мамлекет башчысы Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунан сырткары райондо 65 чакырым жол асфальтталганын билдирди. Быйылкы жылы 40 км жолду оңдоп-түзөө мерчемделген.

“Саламаттык сактоо обьектилерин курууда республикалык бюджеттин эсебинен Кара-Кулжанын Шаркыратма айылында ФАП курулуп жатат. Курулуш тармагын улай, сиздерге чейин парктарды реконструкциялоо, заманбап спорт комплексин куруу боюнча долбоорлор менен таанышып, жаңы курулган Маданий борборду расмий ачып келе жатам. Мындан сырткары, быйыл бир катар мектеп, бала бакча, кошумча корпус, спорт залдардын курулушу жүрүп жатат”, - деди Садыр Жапаров.

Президент билим берүү тууралуу айтып, мектеп, бала бакча демекчи, райондун билим берүү тармагында инфратүзүмдү жакшыртуу, кадр жетишсиздигин жоюу, билим сапатын жогорулатуу негизги милдет болуп саналарын баса белгиледи. Ал мектептерди предметтик мугалимдер менен камсыз кылуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну колго алуу зарылдыгын белгилеп, мугалимдердин материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуу максатында райондогу мугалимге ноутбуктар тапшырылганын кошумчалады.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.