Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүүдө.
Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш-чараны ачып жатып, анын маанилүүлүгүнө токтоло кетти.
“Январь-февраль айларында министрлик-ведомстволордо жана аймактарда коллегиялар өтүп, 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүнкү кеңешме мамлекеттин тагдырын аныктаган, стратегиялык багыттарды тактаган жана улуттук кызыкчылыктарды коргогон эң жогорку саясий аянтча болуп эсептелет. Баарыбыздын ишибизге күчтүү импульс берет жана аткаруу тартибин бекемдеп, көзөмөлдү күчөтөт. Урматтуу жыйындын катышуучулары бүгүн биз мамлекет башчынын алдында отчет берип, конкреттүү тапшырмаларды алабыз. Мындай кеңешмелер коомдогу ар кандай пикирлерди бириктирип, жалпы максаттарды аныктоого шарт түзөт. Бул өлкөдөгү биримдикти жана саясий туруктуулукту сактоодо чоң роль ойнойт. Президент катышкан ар бир кеңешме тарых алдындагы жоопкерчиликтүү кадам. Анда кабыл алынган чечимдер элибиздин жашоосуна түздөн-түз таасир этет”, - деди минкаб төрагасы.