Көчмөндөр оюндары өтүүчү объекттерге баруучу жолдор жаңыланууда

Аймак Загрузка... 13 Июль 2026 17:55
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн курорттук аймагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерге жана эс алуу жайларына алып баруучу негизги жолдордо оңдоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Чолпон-Ата шаарындагы К. Акматов көчөсү аркылуу "Алма-Ата" мейманканасына баруучу жолго асфальт-бетон төшөлүп, пайдаланууга даяр болду.

"Учурда Чолпон-Ата, Кара-Ой, Сары-Ой, Корумду айылдарындагы жана Садыр-Аке, Шайбек-Ата айыл аймактарындагы бир катар жол тилкелеринде жер жумуштары, асфальт төшөө жана оңдоо иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Иштер Көчмөндөр оюндары башталганга чейин негизги жолдорду пайдаланууга берүү максатында жүргүзүлүүдө.