Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтында "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды" аталышындагы артка эсептөөчү электрондук такта ишке кирди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов "Кабар" агенттигине билдиргендей, убакытты артка эсептөөчү таблонун ишке кириши уюштуруу комитетинин даярдыктын акыркы этабында тургандыгынын белгиси болуп саналат.
"Бул долбоор бир гана уюштуруу комитетине тиешелүү эмес, анткени 90дон ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу келип, Кыргызстан менен таанышат. Ошондуктан бүткүл Кыргызстан эли бир үй-бүлө жана бир команда катары буга даярданышы керек. Биз элге убакыттын абдан аз калганын түшүндүрүү үчүн ушундай белги берүүнү туура көрдүк", - деди ал.
Ал белгилегендей, таймерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөн жылы бекитилген тумары — Батай аттуу ак илбирс кармап турат.
"Ал биздин катаал спортту мультфильм каарманындай болгон позитивдүү энергетикасы менен жумшартып турат, ошондуктан ал атайын ушундай сүйкүмдүү кылып жасалган. Ал баарына Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча убакыт калганын — 100 күн, 90 күн, 10 күн деп эскертип турат. Ошондуктан, Көчмөндөр оюндарына аз убакыт калганын баары көрсүн деп аны аянтка орнотууну туура көрдүк", - деп белгиледи Аденов.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүп жатканын билдирди. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катыша турганын ырастады, ошондой эле дагы 30га жакын өлкөнүн катышуусун ырастоосу күтүлүүдө.
Анын айтымында, эки жыл мурун Астанада өткөн оюндарга 86га жакын өлкө катышкан жана жылдан жылга дүйнө өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып барат.
"Бул жылы оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна (патронажына) ээ болду. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде таанылганынан кабар берет. Бул биз үчүн бүткүл дүйнөгө Кыргызстанды таанытуу, ошондой эле көчмөн цивилизациясынын бар экенин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү", - деди ал.
Иш-чаранын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрүнүн көрсөтмөлөрү, тематикалык жана өнөктөштүк аянтчалар, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукцияларын таратуу уюштурулду.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги — 1937-жылы негизделген Кыргызстандагы эң биринчи маалымат булагы болуп саналат. Агенттик Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде ыкчам чагылдырат. Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөнүн алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен тыгыз кызматташып келет жана расмий маалыматтын негизги булагы катары таанылган.
2026-жылы "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп дайындалды. Агенттик дүйнө элдеринин көчмөн мурастарын сактоого жана жайылтууга багытталган бул ири этномаданий жана спорттук иш-чараны бир нече тилде маалыматтык жактан камсыздап турат.