Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Кезектеги рейд учурунда Киров суу сактагычынан 500 метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери аталган суу сактагычтан 2000 метр синтетикалык тор жана 300 кг ар кандай таштанды чыгарылган.
“Рейддин негизги максаты — мыйзамсыз балык уулоону токтотуу гана эмес, жаратылыш байлыгын сактоо жана келечек муундарга жеткирүү”,-деп айтылат маалыматта.