Бишкек шаарынын тургундары акыркы убакта кадимки таранчылардын сайраганы азайып кеткенин байкай башташты. Мурун ар бир короодо үйүрү менен жүргөн бул канаттуулар бүгүн сейрек кездешет. Бул борбор калаанын экосистемасында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу суроолорду жаратат.
Таранчылардын санынын азайышы эмнеге байланыштуу жана жакынкы 10-20 жылда Бишкектин экологиялык абалы кандай өзгөрүшү мүмкүн? Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтуна караштуу Тянь-Шань бийик тоолуу эл аралык илимий борборунун биогеография лабораториясынын улук илимий кызматкери, "Природа" фондунун илимий консультанты Андрей Аверин айтып берди.

— Андрей Александрович, таранчылардын жоголушу шаардын экологиясы үчүн канчалык кооптуу?
— Бул абдан кооптуу белги деп айтар элем. Таранчылар – бул биологиялык индикатор. Эгерде миңдеген жылдар бою адам менен чогуу жашоого көнүп калган түр массалык түрдө жок боло баштаса, демек, айлана-чөйрө башка жаныбарлар, анын ичинде адамдар үчүн да кооптуу болуп калганын билдирет. Бул абанын өтө уулуулугунан, азыктын жетишсиздигинен жана табигый жашоо чөйрөсүнүн бузулушунан кабар берет.
Бишкекте негизинен таранчылардын эки түрү: талаа жана үй таранчысы уя салат. Азыр талаа таранчысы көбүнчө эски райондордогу жер үйлөрдө, ал эми үй таранчысы борбордогу эски көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Жаңы курулган райондордо, өзгөчө түштүк тарапта жана коттедждик конуштарда алар кескин азайган.
— Мунун себеби эмнеде?
— Бир нече себеп бар. Биринчиден, жаңы райондордо жашыл чөйрө аз жана өсүмдүктөрдүн түрү чектелүү. Суу сактагычтардын, арыктардын жоктугу курт-кумурскалардын азайышына алып келет. Ал эми таранчылар балапандарын багуу үчүн жаныбарлардын белогуна (курт-кумурскаларга) жана сууга муктаж. Суу жок жерде балапандар суусап өлөт.

Экинчиден, заманбап имараттардын фасаддары тегиз, анда уя салууга ыңгайлуу тешиктер же көңдөйлөр жок. Негизи таранчылардын жоголушу – бул дүйнөлүк чоң мегаполистердин баарына мүнөздүү көйгөй, анткени шаар куруудагы каталар бардык жерде кайталанууда.
— Эмне үчүн мындай жөнөкөй канаттуулардын азайышы экосистема үчүн маанилүү?
— Сыртынан караганда бул кооптуу эместей сезилиши мүмкүн. Бирок, сейрек кездешүүчү түрлөргө караганда, кадимки түрлөрдүн азайышы кооптуураак, анткени бүтүндөй системанын туруктуулугу ушуларга таянат. Таранчылар чынжырды бириктирип, зыянкечтерди көзөмөлдөйт. Алар кеткен жерди башка түрлөр (мисалы, майна – кара чымчык) же зыянкеч курт-кумурскалар ээлейт.
Майна негизи пайдалуу куш, бирок ал Түштүк Азиянын кургак саванналарында жашоого ылайыкташкан. Шаарда бак-дарактар азайып, чөйрө кургак саваннага окшоп бараткандыктан, майналар көбөйүүдө.
— Таранчылар шаардын табигый балансында кандай ролду ойнойт?
— Алардын ролу чоң. Биринчи кезекте – курт-кумурскаларды көзөмөлдөө. Балапандарын багуу учурунда таранчылар миңдеген зыянкечтерди жок кылып, парктарды жана бактарды коргойт. Ошондой эле алар органикалык калдыктарды жеп, патогендик микроорганизмдердин өнүгүшүнө тоскоол болгон санитардык кызматты аткарышат.
— Таранчылардын жоголушу зыянкечтердин көбөйүшүнө алып келеби?
— Ооба, бул азыртан эле байкалууда. Таранчылар жок жерде жалбырак жегичтер, биттер, жыгач коңуздары кескин көбөйөт. Бишкектеги карагач, терек жана эмен сыяктуу бак-дарактардын зыянкечтер тарабынан "жеп" салынышы ушундан. Табигый көзөмөл жок болгондуктан, шаар химиялык иштетүүгө өтүүгө мажбур, бул экологияны андан бетер начарлатат.

— Канаттуулардын азайышы Бишкектин санитардык абалына кандай таасир этет?
— Албетте, таасир этет. Жашыл аймактардын абалы начарлайт, инфекция ташуучулар көбөйөт. Ошондой эле органикалык калдыктар көбөйүп, кемирүүчүлөр – чычкан, келемиштердин, андан соң жолбун жаныбарлардын көбөйүшүнө алып келет.
— Башка канаттууларда да ушундай абал байкалабы?
— Ооба. Бишкекте бир жыл ичинде 100дөн ашык куштун түрүн кездештирүүгө болот. Бирок, көпчүлүгүнүн саны азайып жатат. Мисалы, курт-кумурскаларга көз каранды болгон чабалекейлер азаюуда. Ошол эле учурда майна, кара чымчык, бактек жана көгүчкөндөрдүн саны кээ бир жерлерде өсүүдө.
— Канаттууларга шаардагы кайсы факторлор көбүрөөк таасир этүүдө?
— Мен бир нече факторлорду бөлүп көрсөтөр элем. Бул архитектура: заманбап имараттардын фасаддары түз (тегиз) жана аларда уя салууга ыңгайлуу тешиктердин жоктугу таранчыларды жана башка канаттууларды уя сала турган жерлерден ажыратууда. Жашыл чөйрөгө кам көрүү: чөптөрдү (газондорду) уруктары быша электе эле чаап салуу, бадалдардын жана мөмө берүүчү карыган дарактардын аздыгы азык базасын (уруктарды, курт-кумурскаларды) жана жашына турган жерлерди жок кылууда. Булгануу: ыш (смог) жана химикаттар балапандар азыктануучу курт-кумурскаларды өлтүрөт. Жана, албетте, шаардын көптөгөн жаңы райондорундагы суунун тартыштыгы канаттууларга уя салууга мүмкүндүк бербейт, анткени уядагы балапандарды сугарууга суу жок.

— Канаттууларды кайтарып келүү үчүн эмне кылуу керек?
— Комплекстүү мамиле зарыл. Бийик бактар менен калың бадалдарды (ит мурун, бөрү карагат) айкалыштырып отургузуу керек. Чөптү толук чаап салбай, айрым жерлерди жапайы бойдон калтыруу зарыл. Ошондой эле чымчыктар үчун жасалма уяларды орнотуу маанилүү. Эгер бир карыган дарак кыйылса, анын ордуна ондогон жасалма уяларды илиш керек. Парктарда пестициддерди колдонууну чектөө зарыл.
— Эгер азыркы тенденция сакталса, 20 жылдан кийин Бишкектин экологиясы кандай болот?
— Эгерде азыркы темп менен шаар курулуп, булгануу улана берсе, 20 жылдан кийин Бишкек көптөгөн парктарынан жана сууларынан ажырайт. Жашыл аймактар зыянкечтерден жана курулуштардан улам суюлуп кетет. Өсүмдүктөр чыпка кызматын аткара албай калгандыктан, аба андан бетер оорлошот. Асфальт көчөлөрдө көлөкө болбойт, температуранын кескин өзгөрүшү байкалат. Ал эми биологиялык ар түрдүүлүктүн ордун бир нече эле түр ээлеп калат. Бул өзгөчө шаардын түштүк жана батыш бөлүгүнө коркунуч туудурат.