Кене чагуу майыптыкка, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн – эколог

Экология Загрузка... 13 Май 2026 12:40
5.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Өлкө аймагында кене чагып, медициналык жардамга кайрылгандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Жыл башынан бери жалпы 566 учур катталган. Анын ичинен 3 бейтапта кене аркылуу жугуучу вирустук инфекция (риккетсиоз) тастыкталып, тиешелүү дарылануудан өтүшкөн. Дарыгерлердин айтымында, акыркы жылдары кенеден башка оорулар да пайда боло баштаган. Мисалы, мурунку жылдары вирустук кене энцефалити эле катталган болсо, азыр боррилиоз, рикетсиоз сыяктуу кене инфекциялары катталып жатат.

Коомчулукта кооптонууну жараткан бул кубулуштун себеби эмнеде? Эмне үчүн кенелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү боло баштады? Бул суроолордун тегерегинде "Кабар" агенттиги эколог Анара Султангазиева менен маектешти.

2

— Анара Аскарбековна жыл башынан бери өлкөдө кене чаккан адамдардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге өсүптүр. Бул зыянкечтердин мынчалык көбөйүп жатышына эмне себеп болууда?

— Бул маселенин бир эмес, бир нече олуттуу себептери бар. Эң башкысы – климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук. Орточо жылдык температуранын жогорулашы кенелердин жашоо ареалын (тирүү организмдердин белгилүү бир түрү (анын ичинде кене) табигый түрдө жашаган, көбөйгөн жана таралган аймак) кеңейтти. Эгер мурда алар белгилүү бир аймактарда гана болсо, азыр түндүк тарапка жана бийик тоолуу аймактарга чейин жайылды.

Глобалдык жылуулуктан улам кыш жылуу болуп, жаз эрте келип, күз кеч түшүүдө. Эгер кыш ызгаардуу болсо, кененин личинкаларынын көбү кырылып калмак. Кыш жылуу болгондуктан, алар аман-эсен чыгып, жаздын жаанчыл болушу алардын андан ары көбөйүшүнө идеалдуу шарт түзүп жатат.

— Көпчүлүк кенелер бак-дарактан түшөт деп ойлошот. Алар кандай аймактарда көп кездешет жана кандай шарттарда көбөйүшөт?

— Бул жерде бир нерсени тактап кетишибиз керек: кене бакта эмес, чөптө болот. Алар негизинен жөргөмүш сымалдар түркүмүнө кирет жана 1-1,5 метрге чейинки чөптөрдө, бадалдарда жашынып, курмандыгын күтүшөт. Азыр адамдар токойлордун ордуна конуштарды, дачаларды куруп, парктарды көбөйтүп жатышат. Жол жээктериндеги чабылбаган калың чөптөр кенелер үчүн эң сонун "үй" болуп калды. Адамдар таштаган таштандылар, кароосуз калган жерлер да алардын очогуна айланууда.

Мындан тышкары, учурда бизде бугу, коён, кирпи сыяктуу көптөгөн жаныбарларга аң уулоого тыюу салынган. Бул жакшы көрсөткүч, бирок жапайы жаныбарлардын жана кемирүүчүлөрдүн көбөйүшү кенелер үчүн азыктын (кандын) көбөйүшү дегенди билдирет. Азык көп болгон жерде алардын саны да тез өсөт.

6

Дагы бир себеби табиятта баланс бузулду. Бизде таранчы, чабалекей сыяктуу канаттуулар кескин азайды. Алар кенелерди жана башка курт-кумурскаларды жеп турушчу. Канаттуулар учурдагы техногендик факторлордон - ызы-чуудан, абанын булганышынан жана техниканын көптүгүнөн коопсуз жер издеп, миграция болуп кетип жатышат.

Табият – бул бир бүтүн чынжыр. Бир эле звеносу үзүлсө, бүтүндөй система ыдырайт. Кенелердин көбөйүшү – ошол бузулган баланстын бир гана кесепети.

— Кене чагуунун кесепети канчалык олуттуу болушу мүмкүн?

— Кене чагуу жөн гана теринин кычышуусу эмес. Бул майыптыкка, атүгүл өлүмгө алып келүүчү коркунуч. Менин бир тууганым 13 жашында кене чагып, аман калганы менен, өмүр бою оорукчан болуп калды. Тулку-бою өскөнү менен, аң-сезими 13 жаштагы баланыкындай бойдон калып калган. Бул өтө оор трагедия. Ошондуктан кене чагууну жеңил кабыл албаш керек.

— Канткенде бул коркунучтун алдын ала алабыз? Тиешелүү органдарга жана жарандарга кандай сунуштарыңыз бар?

— Биринчиден, адамдар көп жүргөн эс алуу жайларында, парктарда жана тоо этектеринде жапайы чөптөрдү, бадалдарды өз убагында кыркып, тазалап туруу зарыл. Таштандыларды тоолорго таштабоо керек – бул кенелер үчүн жагымдуу чөйрө.

Экинчиден, биз техногендик басымды азайтып, канаттуулардын уя салуусуна шарт түзүшүбүз керек. Табиятка аяр мамиле кылбасак, индустриализациянын арты менен өз үйүбүздү өзүбүз талкалап жатабыз. Эгер алдын алуу чаралары көрүлбөсө, кыш жылуу болуп жаткан шартта кенелер мындан ары да көбөйө берет.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!