Кыргызстан быйыл кезектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кам көрүүдө. Бул ири эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн өлкөдө ар тараптуу даярдыктар жүрүп жатат. Оюндарга спорттун 43 түрү боюнча катышуучулар келери күтүлүүдө. “Кабар” агенттиги программага кирген салттуу спорт түрлөрүнүн бири — көк бөрү оюну тууралуу кеңири маалымат сунуштайт.
Көк бөрү — бул кыргыз элинин байыркы улуттук ат үстүндөгү оюну. Анда атчан оюнчулар (улакчылар) улакты талашып, аны тайказанга таштоого аракет кылышат. Бул оюн күчтү, ылдамдыкты, шамдагайлыкты жана эр жүрөктүүлүктү талап кылат. Улакчылар ат үстүндө бири-бири менен атаандашып, улакты жерден эңип алып, каршылаштарынан коргоп, өз командасына упай алып келүүгө аракет кылышат.
Көк бөрү жөн гана оюн эмес, ал кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана жоокердик даярдыгы менен байланышкан.

Көк бөрү тууралуу уламыштар
Оюндун келип чыгышы алыска барып такалып, тамыры терең. Көчмөндөр коомунда эркектер элди тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн ууга чыгып, мал-жандыктар аксакал, аялдар жана жаш балдардын карамагында калган. Ошол учурда карышкырлар айылга кирип келип, малды кырып, айыл элине көптөгөн кыйынчылыктарды алып келген күндөр болгон. Аңчылыктан кайтып келген эр жигиттер мындай көрүнүшкө жини келип, чымыр, шамдагай, күлүк аттары менен карышкырлардын үйүрүнө ууга чыгышкан.
Үйүрдү кубалап жеткен соң, качып бараткан карышкырды жерден эңип, бири-бирине ыргытышып, кайра бөрүнү талаша бири-биринин колунан жулуп ойношкон. Ошентип көк бөрү оюну жаралган деп айтылат.
Ошондой эле байыркы доорлордо бул оюн жигиттерди согушка даярдоонун бир жолу катары колдонулган. Оюн учурунда аттар да, ат үстүндөгү эр жигиттер да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, топту жарып кирүүгө тарбияланган.
Уламыштарда айтылган бул оюн убакыт өтүшү менен эл арасында калыптанып, кийин спорттук түргө айлана баштаган.

Көк бөрүнүн спортко айланышы
Бүгүнкү күндөрдө да көк бөрү актуалдуулугун жоготпой, тескерисинче улам кеңири жайылып, өнүгүп, өз маанисин жоготпой келет. Аны кесипкөй улакчылардан сырткары, жөн гана кызыккан ышкыбоздор да ойношот. Андан сырткары, чоң кызыгуу менен көргөн күйөрмандары да бар.
Нооруз жана Эгемендүүлүк күндөрү сыяктуу майрамдарда ири мелдештер өткөрүлүп, бул оюн улуттук салтты сактоодо маанилүү ролду ойноп келет.
Көк бөрүнү спорт катары ирээттештирүү маселеси 1995-жылда башталган. Оюндун эрежеси жазылып, тайказандын алгачкы модели куралган. Атайын жер тилкеси берилип, жаңы аянттын долбоору салынган. 1996-жылдын 29-декабрында алгачкы жолу жаңы эреже менен көк бөрү, ошондой эле 1997-жылы Нооруз майрамында алгачкы республикалык турнир өткөн. Ага Кыргызстандын жети жана Казакстандын бир - жалпы сегиз команда катышкан.
Ал эми 1998-жылдан баштап көк бөрү спортун расмий юридикалык каттоо иштери башталып, Чүй, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында конференциялар өтүп, аймактарда уюштуруу иштери жанданган. Аталган жылдын 29-июнунда Бишкекте алгачкы курултай өтүп, өлкөнүн Көк бөрү федерациясы түптөлгөн.
Көк бөрү расмий спорт катары калыптангандан кийин, анын так эрежелерин иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон.

Оюндун эрежелери
Оюн талаасы
Мелдеш атайын оюн үчүн даярдалган талаада өткөрүлөт. Талаа түз жана тик формада чийилиши керек. Анын узундугу 210 метр, туурасы 80 метр болушу шарт. Эгерде талаа айланасынан тосулган болсо, туурасын 70 метрге чейин кыскартууга уруксат берилет. Ага таза кум төшөлүп, анын калыңдыгы 6–8 сантиметр болушу зарыл.
Улакчыларга коюлуучу талаптар
Улакчы 18 жашка толгон болушу керек жана мелдештердин алдында сөзсүз медициналык көзөмөлдөн өтөт. Спирт ичимдиктерин, күчтөндүрүүчү каражаттарды же баңгизаттарды колдонгондор оюнга катыша албайт. Ар бир улакчы оюн эрежелерин жакшы билип, оюн учурунда калыстардын бардык чечимдерине баш ийүүгө милдеттүү. Ошондой эле ал минген атына аяр мамиле кылып, атаандаштарына, командалаштарына, машыктыруучуларга, калыстарга жана уюштуруучуларга урмат-сый менен мамиле жасоого тийиш.
Улакчынын формасы
Оюнга улакчы милдеттүү түрдө атайын форма жана коргоочу чопкуттар менен чыгат. Баш кийим катары тебетей, каска же шлем кийүү талап кылынат. Коргоочу жабдуулар оюнчунун өзүнө да, атаандаштарына да коопсуз болушу шарт.
Аттар
Мелдешке ветеринардык текшерүүдөн өткөн аттар гана катышат. Оюн учурунда аттардын тиштешине, тепкилешине же арткы эки бутуна туруп чапчышына жол берилбейт. Эгер мындай учур катталса, атка биринчи эскертүү берилет, ал эми кайталанса ошол оюндан четтетилет. Жаракат алган жана ветеринарлар тарабынан уруксат берилбеген аттар мелдешке катыша албайт.
Ат жабдыктары
Ат жабдыктарында оюнчуларга же аттарга зыян келтириши мүмкүн болгон күмүш, жез, темир же сөөк жасалгалары болбошу керек. Үзөңгүлөрдүн учтары курч эмес, такалар тегиз болушу зарыл. Кыш мезгилинде же талаа баткак болгондо, мокок (0,5 см) така колдонулат. Эрежеге туура келбеген жабдыктар оңдолмоюнча ат оюнга киргизилбейт. Тердиктин эки тарабына тең номер коюлушу керек. Тиштээк аттарга коопсуз тумшук кап кийгизилет.
Улак
Оюн улак (теке же серке) менен өткөрүлөт. Союлган улактын салмагы 30–32 кг болушу керек. Эгер оюн талаасы баткак болсо, салмагы 26–28 кг болушу мүмкүн. Эгер улактын ичи алынган болсо, салмагы 30 кг болушу шарт.
Команда
Команда 12 атчан улакчыдан турат. Мындан тышкары машыктыруучу, саяпкер, жетекчи, такачы жана ат кошчу кирет. Команданын эки башка түстөгү формасы болушу керек жана формалар бир өңчөй болушу шарт. Оюн учурунда команданын жанында машыктыруучу, саяпкер жана ат кошчудан тышкары башка адамдар болбоого тийиш.

Көчмөндөр оюндарына даярдыктар жана көк пар оюну
Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбековдун айтымында, учурда Көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Анын белгилешинче, көк бөрү боюнча курама команданы тандоонун биринчи этабы Нооруз майрамында өттү, алдыда дагы экинчи тандоо мелдеши пландалууда. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн болжол менен 10–12 команда келери күтүлүүдө.
Өмүрбековдун айтымында, 2025-жылдын март айындагы мелдеш учурунда болгон кайгылуу окуядан кийин айрым эрежелер кайра каралып, өзгөртүүлөр киргизилген.
“Атап айтканда, аттарды катуу кагууга жана ашыкча катаал аракеттерге тыюу салынды. Бул эрежени бузгандарга катуу чара көрүлүп, оюндан убактылуу четтетүү сыяктуу жазалар колдонулат. Ошондой эле оюнчулар менен аттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тайказандын түзүлүшү да жумшартылып, коопсузураак кылып өзгөртүлдү”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал быйыл Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген көк пар оюну тууралуу да айтып өттү. Анын айтымында, бул оюнга катышкан ар бир өлкө өз командасын даярдап келет. Кыргызстан да өз курама командасын түзүү үстүндө иш алып барууда, ошондой эле Казакстан тарап да көк бөрү мелдешине өз командасы менен катышары күтүлүүдө.
Өмүрбеков көк бөрү менен көк пар оюндарынын айырмачылыгын да белгилеп өттү.
“Көк пар оюнунда улак эмес, муляж колдонулуп, ал тайказанга эмес, атайын белгиленген аймакка ташталат. Мындан сырткары, оюн эрежелеринде жана убакыт регламентинде да өзгөчөлүктөр бар. Айрым учурларда көк бөрүдөй эле улак менен ойнолуп калган жагдайлар да кездешүүдө”, - деп белгиледи директор.