Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Кытайлык илимпоздор "Чанъэ-5" миссиясы тарабынан Айдан алынып келген үлгүлөрдүн арасынан эки жаңы минерал табылганын жарыялашты. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform жазды.
Окумуштуулардын айтымында, бул алардын 2022-жылдагы биринчи ачылышынан -"чанъэзит-(Y)" минералынан кийинки кезектеги чоң жетишкендиги болуп калды. Учурда дүйнө жүзү боюнча Айдан алынган үлгүлөрдүн негизинде ачылган жаңы минералдардын жалпы саны сегизге жетти.
"Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында өткөн Космонавтика күнүнө карата салтанаттуу аземде Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы (CNSA) эки жаңы минералдын ачылганын расмий жарыялады. Алар: магнезиочанъэзит-(Y) /magnesiochangesite-(Y)/ жана чанъэзит-(Ce) /changesite-(Ce)/. Бул минералдар Эл аралык минералогиялык ассоциациянын жаңы минералдар, номенклатура жана классификация боюнча комиссиясы тарабынан бекитилди", - деп белгилешет кытайлык илимпоздор.