Бишкек, 26.04.26. /Кабар/. “Кыргызстан аэропорттору” ААК “Ош” эл аралык аэропортунун аймагында уникалдуу социалддык объекттер – авиапарк жана авиациялык музей ачылгандыгын маалымдайт.
Жаңы комплекс авиациянын тарыхын, билим берүү элементтерин жана интерактивдүү чечимдерди айкалыштырган заманбап мейкиндик болуп саналат. Долбоор авиацияны жайылтууга жана аны жалпы коомчулукка жакындатууга умтулган адистердин креативдүүлүгү жана ишке чын ыкластан жасаган мамилеси менен ишке ашырылды.
Экспозицияда өзгөчө орунду, келгендерге өздөрүн учкуч катары сезүүгө, аба кемесин башкаруунун уникалдуу тажрыйбасын алууга жана авиация кесибинин өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген чыныгы учуулардын симулятору ээлейт.
“Музей бардык каалоочулар үчүн ачык жана негизинен жаштарга арналган. Түзүлүп жаткан мейкиндик жаңы муунду шыктандырууга, авиацияга болгон кызыгууну калыптандырууга, анын романтикасын ачууга жана кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүүгө арналган”, — деди “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Жакыкы убакта ушуга окшош авиация музейин “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында да ачуу пландалууда. Бул авиациялык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн жана тармакты популяризациялоо боюнча системалуу иштердин уландысы болот.