Көңүл борборунда миграция маселеси: Маматалиев менен Володин жолукту

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Март 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга болгон расмий иш сапарынын алкагында РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле парламенттик дипломатияны өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын эки тараптуу комиссиялардын жана эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү иштешип жатканын белгиледи.

"Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда кызматташтыкты тереңдетишибиз керек", – деди төрага.

Марлен Маматалиев кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, төмөнкү сунуштарга токтолду:

  1. Москвадагы "Амина" тиркемеси аркылуу каттоо тажрыйбасын башка аймактарга да жайылтуу жана балдарды каттоого алуу.
  2. ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  3. Орус тилинин статусун эске алып, кыргызстандык окуучуларды мектепке кабыл алуудагы тилдик тестирлөөдөн бошотуу.
  4. Россияда жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү жана өлкөдөн чыкпастан туруп "көзөмөлдөгү адамдардын реестринен" чыгуу механизмин иштеп чыгуу.
  5. ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди, өзгөчө эл аралык жүк ташуучулар үчүн шарттарды сактап калуу.
  6. Коопсуз, жөнгө салынган жана мыйзамдуу миграцияны камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын коргоо.

Ал эми Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин эки өлкөнүн алакасындагы оң динамиканы өлкө башчылары аныктай турганын белгилеп, парламенттер жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоого тийиш экенин айтты.

"Өткөн жылы эле товар жүгүртүүнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Россия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Биз ар дайым ачык диалог аркылуу биргелешкен чечимдерди табууга даярбыз", – деди В. Володин.

Жолугушуунун жыйынтыгында Вячеслав Володин тиешелүү ведомстволордун жетекчилерине Марлен Маматалиев тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.