Кочкор жана Жумгал эли таза суу менен камсыздоону суранууда – депутат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Февраль 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.56.42.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Кочкор районундагы Чекилдек айылынын тургундары таза суу менен камсыздоону суранууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адилет Белеков билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы айылга таза суу чыгарылып, бирок бир айдан кийин эле кайра токтоп калган.

"Тургундардын айрымдары каналдан суу ташып ичишсе, башкалары короолорунан чыгарып алышкан. Бул жерде суунун сапаты боюнча маселе жаралууда. Ошондой эле Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында да ушундай эле көйгөй бар — айылдын бир бөлүгү суу менен камсыз болсо, экинчи бөлүгүндө суу жок", — деди Белеков.

Мындан тышкары, депутат Кочкор районунун Эпкин айылындагы бала бакча маселесин көтөрдү. Анын айтымында, аталган айылда 1940-жылдан бери бала бакча иштебейт.

"Ошондон бери айылда бала бакча жок, бүгүнкү күндө 100дөн ашык бала бакчага муктаж. Тургундар балдарын башка айылдарга ташууга мажбур болушууда, ошондуктан айылга бала бакча куруп берүүнү суранышууда", — деп билдирди ал.