Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Сауд Аравиясында миңден ашуун жаран туруктуу жашайт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн эмгектенип жүргөн жарандар жана студенттер түзөт. Бул тууралуу аралыктан өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы консулу Нурсултан Орунбаев билдирди.
"Ал эми умра зыяратына келгендердин саны 5 миңден ашуун. Учурда алардан бизди алып кеткиле деген билдирүүлөр келип түшкөн жок. Алар көбүнесе Жидда, Мекке жана Медина шаарларында жайгашкан. Алар үчүн атайын штаб түзүлүп, муфтият жана зыяратка жиберген компаниялар алар менен байланышып жатат.
Өлкөдө абал туруктуу. Учурда өлкө өзүнүн аба каттамдарын жапкан жок. Бирок эл аралык авиакомпаниялар өздөрүнүн каттамдарын токтотуп жатышат”, — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтият Мекке шаарында 6 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык зыярат (кичи ажылык) кылып жүргөнүн билдирген.