Оштун суу системасы санариптештирилет: Корея $10 млн грант бөлөт

Аймак Загрузка... 06 Март 2026 09:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кореянын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы – K-water компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар Ош шаарында таза сууну бөлүштүрүүнү заманбап электрондук система аркылуу көзөмөлдөө долбоорун ишке ашырууну сүйлөштү. Аталган долбоордун жалпы баасы 10 млн долларды түзүп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.

Долбоордун алкагында "Озгур" суу тазалоочу станциясын модернизациялоо, ошондой эле шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана "акылдуу" башкаруу технологияларына өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары, мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны жаңылоо маселелери да талкууланды.